Прокурор 13,5 млн параны кайсы аткаминерден талап кылган? (видео)

1443

200 миң доллар пара алды деп шектелген прокурор Улан Чалбаев кайсы ишти жабууга убада кылган? Азырынча УКМК тергөө жүрүп жатканына байланыштуу иштин толук жагдайларын ачыктай элек. Андыктан прокуратура кызматкери 13,5 миллион сомду кимден жана эмне үчүн алганы азырынча белгисиз бойдон калууда. Кечээ атайын кызмат ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоону колдоо жана соттордо ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаев ири суммада пара алып жаткан учурда кармалган. Алдын-ала маалыматтар боюнча, ал жабырлануучудан 500 миң доллар талап кылган.