Прокурордун өлүмү – башка кылмышты жашыруу аракетиби? (видео)

1717

Прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө Баткен областтык капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Мелис Калыковго кылмыш ишин козгойм деп, коркутканы себеп болгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрү маалымат жыйынында билдиришти. Алардын айтымында, Калыков жетектеген мекеме буга чейин бир канча жолу көзөмөл органдары тарабынан текшерилип, анда бузуулар табылган.

Ошондой эле, Баткен областынын прокурорун киши колдуу болушуна Анарбай Мамажакыповдун орун басарларынын тиешеси бар деген маалымат ырасталбаганы маалым болду. Мындан тышкары аңчылыкка башта айтылгандай 6 эмес, 7 адам чыкканы да айтылды.