Прокурордун өлүмүнө шектелген Калыковдун тарапташтары митинг өткөрүштү

719

Баткенде прокурордун өлүмүнө шектелген Мелис Калыковдун тарапташтары митинг өткөрүштү. 100дөн ашуун адам окуя болгон күнү маркум менен аңчылыкка бирге чыккан башка прокурорлордун дагы камалышын талап кылышууда.

Алар Баткен областтык капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысына байланыштуу ишти тиешелүү мекемелер адилет иликтеп беришсин дешет.

Ошондой эле, прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлтүрүлүшүнө шектелген адам кыйноого кабылганы айтылууда. Бирок Ички иштер министрлиги бул маалыматты төгүнгө чыгарышты. Тартип сакчыларынын айтымында, шектүүнүн денесиндеги көк ала тактар, ал маркум менен мушташканда пайда болгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.