Психикалык жактан оорулуу адамга ким права берген? (видео)

914

Психикалык жактан жабыркаган адамдарга ким айдоочулук күбөлүк берген? Кече жакында эле Ош областында 2 факты катталып, анда психикасы оорулуу жарандарга айдоочулук күбөлүк берилгени аныкталган. Алардын бири — эпилепсияга чалдыккан адам болсо, экинчиси — акыл-эси жайында эмес, деп атайын каттоодо турат экен. Азырынча Ош шаардык жана Ош областтык прокуратурасы тарабынан эки кылмыш иши козголуп, бул жарандарга кайсы оорукана же дарыгер саламаттыгы түзүк деген медициналык справка бергени териштирилүүдө. Ошондой эле, аларды окуткан автомектептердин жана Мамкаттоо кызматынын транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин тиешелүү кызматкерлери суралууда. Ал арада ушундай эле окуя Чүй областында дагы катталып отурат.