Психикалык жактан оорулуу адамга мыйзамсыз айдоочулук күбөлүк берилген

824

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Кызыл-Кыя шаардык башкармалыгынын кызматкерлери психикалык жактан оорулуу адамга мыйзамсыз айдоочулук күбөлүк бергени аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

2016-жылы айдоочулук күбөлүк алган жаран 2013-жылдан бери Кызыл-Кыя шаардык үй-бүлөлүк медициналык борборунун психикалык кабинетинде “кем акылдык” деген диагноз менен каттоодо турган. Ага карабастан, жергиликтүү Мамкатоо мекемеси айдоочулук күбөлүк берген.

Бул фактынын негизинде «документтерди жасалмалоо» жана “кызматтык жасалмачылык” беренелери менен кылмыш иши козголду.