Психикалык жактан жабыркагандардын саны жыл санап өсүүдө (видео)

636

Кыргызстанда 53 миңден ашуун адамдын психикалык саламаттыгы жабыркаган. Бул расмий каттоодо тургандары гана. Иш жүзүндө алардын саны мындан кыйла жогору болушу мүмкүн. Бул маалыматтар Психикалык саламаттыктын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулган иш-чарада айтылды.

Бул датага карата «Үйгө карай жол» аттуу фото-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Адистердин божомолунда, психикасы жабыркагандардын саны жыл өткөн сайын көбөйүүсү күтүлүүдө. Андыктан бул тармактагы дарыгерлердин санын дагы көбөйтүү зарыл.