Путин ЦРУ теракты болтурбоого жардам бергени үчүн Трампка ыраазычылык билдирди

787

Кремлдин билдиргенине караганда, АКШнын Борбордук чалгын кызматы Орусияны Санкт-Петербург шаарында пландалган теракты алдын алууга жардам берген маалымат менен камсыздаган.

Орус президенти Владимир Путин 17-декабрдагы телефон сүйлөшүүсүндө АКШ президенти Дональд Трампка “террорчуларды кармоого” жардам берген маалымат үчүн ыраазычылык билдирди. Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс Путин менен Трамп телефондон сүйлөшкөнүн ырастады.

Кремл өзү билдирүүсүндө белгилегендей, Путин Трамптан ЦРУнун директору Майк Помпеого жана АКШнын чалгын офицерлерине ырахмат айтып коюуну да суранган.

Кремл ошондой эле “Путин Трампты Орусиянын коопсуздук кызматтары АКШга жана анын жарандарына каршы террор коркунучу боюнча маалымат алган учурда дароо америкалык кесиптештерине берерине ишендиргенин” кошумчалады.

Президенттердин 17-декабрдагы телефон сүйлөшүүсүнөн эки күн мурда, 15-декабрда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы — ФСБ Санкт -Петербург шаарында бир нече теракт жасоону көздөгөн деп шектелген жети адамды кармаганын жарыялаган эле.

ФСБ бул шектүүлөр «Ислам мамлекети» радикал тобунун мүчөлөрү болушу мүмкүндүгүн белгилеп, аларга кимдир бирөөлөр «Телеграм» түйүнү аркылуу өлкө сыртынан багыт берип турганын билдирген.

Путин менен Трамп өткөн бейшемби күнү да телефондон сүйлөшүп, анда Түндүк Корея маселесин талкуулашканы маалымдалган.