Путин менен Эрдоган Сирия жана Ирактагы абалды талкуулайт

996

Орусиянын президенти Владимир Путин Анкарада Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугуп, Сирия жана Ирактагы абалды талкуулайт. Путиндин Түркияга бир күндүк сапары эки лидер Ирактын күрт автономиясынын көз карандысыздыгы тууралуу референдумду талкуулаган телефондук сүйлөшүүсүнөн үч күн өткөндөн кийин ишке ашканы турат.
27-сентябрда Эрдогандын администрациясы Путин менен сүйлөшүү маалында эки тараптуу мамилелер, аймактык жана эл аралык маселелер, анын ичинде Сирия менен Ирактагы абал тууралуу сөз болорун билдирген.
Москва менен Анкара Сириядагы согушта эки башка күчтөрдү колдошот. Орусия менен Иран Сирия президенти Башар Асадды колдосо, Түркия менен АКШ Асадга каршы чыгып жаткан түрдүү көтөрүлүшчүл топторду колдоп келишет. Анткен менен жакында эле Орусия, Түркия жана Иран Астанадагы сүйлөшүүлөрдө Сириянын түндүгүндөгү Идлибде «деэскалация зоналарын» түзүү боюнча макулдашууга келишкен. Өлкө аймагындагы башка үч «деэскалация зонасы» июлдан бери иштөөдө.