Путин менен Нетаньяху Сирияга С-300 ракеталарын берүү маселесин талкуулашты

750

Россиянын президенти Владимир Путин жана Израиль премьер-министри Биньямин Нетаньяху Сирияга С-300 зениттик ракеталык комплекстерин берүү маселесин талкуулашты. Кремль телефондук сүйлөшүү Израиль тараптын демилгеси менен болгонун билдирди.

Путин Сирияда жаралган кырдаалга байланыштуу Москва кабыл алган чечимди адекваттуу деп эсептесе болорун белгиледи. Кремль Израилдин Аскердик аба күчтөрүнүн аракеттеринен улам Сирияда орусиялык Ил-20 учагы кыйрап, экипаждын 15 мүчөсү өлдү деп эсептейт.

Нетаньяху С-300 комплекстерин “жоопкерчиликсиз кишилерге” берүү – аймактын коопсуздугуна терс таасир тийгизет деп эсептейт. Премьер-министр Израиль өз кызыкчылыктарын коргоону улантарын белгиледи.

АКШ президентинин коопсуздук боюнча катчысы Жон Болтон Сирияга С-300 зениттик ракеталык комплекстерди берүү менен Орусия аймактагы абалды курчутарын айткан. Ал Москванын мындай кадамын “катачылык” деп атаган.

Россия эки жума ичинде Башар Асаддын армиясына С-300 зениттик ракеталык комплекстерин берери маалымдалган. Бул тууралуу коргоо министри Сергей Шойгу 24-сентябрда билдирген. Мындай чечим Кремль бир жума мурда Сирияда орусиялык Ил-20 учагынын кыйроосуна Израилди айыптаган окуядан кийин кабыл алынган.

Мындан тышкары орусиялык учактарды аныктоочу автоматташтырылган башкаруу системалары да жеткирилет.