Путин менен Трамп телефон аркылуу сүйлөштү

860

Орусия президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшүштү. Акүй баарлашуу эки саатка созулганын билдирди. Эки мамлекеттин лидерлери Сирия жана Украинадагы куралдуу жаңжал, Түндүк Корея, Иран жана Ооганстандагы кырдаалды талкуулашты.

Күн мурун Путин Сирия президенти Башар Асад менен жолуккан. Кремлден билдиришкендей, орус лидери Трамп менен болгон маек учурунда араб өлкөсүндө президенттик жана парламенттик шайлоолордун өтүшүн жана конституциялык реформаларды жактай турганын айткан.

Акүй дагы Трамп менен Путин 21-ноябрда Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азияда терроризм менен күрөшүүнүн маанилүү экенин баса белгилешип, ИМ, «Аль-Каида», «Талибан» жана башка террордук топтор менен күрөшүүдө кызматташууну активдештирүү жолдорун талкуулашканын маалымдады.