Путин: Орусияда чет элдик чалгын кызматтарынын 400 тыңчысы аныкталды

647

Орусиянын президенти Владимир Путин 6-февралда ФСБнын жылдык коллегиясында сөз сүйлөп, мекемеден чет өлкөлүк чалгын кызматтарынын саясий, коргонуу жана экономикалык мүнөздөгү маалыматтарды алуу аракеттерин жокко чыгарууну талап кылды.

Мамлекет башчы акыркы жылдары чет өлкөлүк тыңчылардын активдүүлүгү өсүп жатканын белгиледи.

Президенттин айтымында, учурда Орусия агенттик жана техникалык чалгындын заманбап ыкмаларын пайдаланууда.

Путин өткөн жылы эле Орусияда иштеп жүргөн чет элдик чалгын кызматтарынын 72 кадрдык кызматкери жана 397 таңчысы аныкталганын белгиледи.

Президент өткөн аптада Федералдык жыйындагы сөзүндө Орусиянын жаңы куралы тууралуу маалыматтарды жашыруун кармагандыгы үчүн ФСБ кызматкерлерин мактаган.