Путин расмий түрдө президенттикке талапкер катары көрсөтүлдү

711

Орусиянын президенти Владимир Путин 2018-жылы мартта өтө турган шайлоого расмий түрдө талапкер катары көрсөтүлдү. Демилгечи топтун Москвадагы жыйынына 600гө жакын киши катышты.

Алардын арасында аткаминерлерден тышкары балет артисти Николай Цискаридзе, режиссер Владимир Хотиненко, актерлор Михаил Боярский менен Владимир Машков, дизайнер Валентин Юдашкин, пианист Денис Мацуев, Comedy Clubдын резиденттери Гарик Харламов менен Михаил Галустян, советтик хоккейчи Владислав Третьяк жана аралаш мушташ түрлөрү боюнча дүйнө чемпиону Федор Емельяненко болду. Жыйындын алдында катышуучуларга Оливер Стоундун «Путин» жана Алексей Пимановдун «Крым» тасмасы көрсөтүлдү.

Путиндин өзү жыйынга катышкан жок. Кремлден мамлекет башчынын демилгечи топтун жыйынына барбагандыгын иши көп экендиги менен түшүндүрүштү. Маалыматка караганда, бул маалда Путин өкмөт мүчөлөрү менен жыл жыйынтыгын чыгарып жаткан. Ага чейин Кремлдеги балаты майрамына келген балдар менен жолуккан.

65 жаштагы Путин Орусияны 1999-жылдын аягынан бери башкарып келет. Анын 13 жылында президент болсо, дагы төрт жыл өкмөт башчы кызматында иштеген.