Путин Түндүк Кореяга каршы санкцияларды күчөтүү тууралуу жарлыкка кол койду

796

Орусиянын президенти Владимир Путин өзөктүк ракеталарын сыноодон өткөргөндүгү үчүн Түндүк Кореяга карата санцияларды катаалдатуу тууралуу жарлыкка кол койду.

Укуктук маалыматтардын расмий интернет-порталына жарыяланган жарлыкка БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясынын кабыл алынгандыгына байланыштуу кол коюлду.

Жарлык бир катар жоболорду, анын ичинде Түндүк Кореянын өзөктүк программасын ишке ашыруу менен алектенип жаткан жеке жана юридикалык тараптардын тизмесин толуктай тургандыгы кабарланууда. Алардын арасында жогорку кызматтагы адамдар, түндүк кореялык банктар, бир катар соода компаниялар жана корпорациялар бар. Жарлыкка Орусиядан Түндүк Кореяга жеткирүүгө тыюу салынган продукциялардын, материалдардын, жабдуулардын жана технологиялардын тизмеси дагы тиркелген.

Мурдараак Түндүк жана Түштүк Корея өкүлдөрү менен жолуккан Орусиянын Федерациялар кеңешинин төрайымы Валентина Мотвиенко Москва өзөктүк сыноолорду айыптай тургандыгын жана Пхеньян менен эл аралык коомчулукту БУУнун бардык резолюциясын сактоого чакырарын билдирген.

Орусия Түндүк жана Түштүк Корея делегацияларын түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө көндүрүүгө аракет кылып келет.