Путиндин кеңешчиси: Орусия дүйнөлүк интернетти өчүрүүгө даяр

593

Орусия дүйнөлүк интернетти өчүрүүгө техникалык жактан даяр, бирок жараян оор болот. Бул тууралуу Орусия президентинин интернетти өнүктүрү маселелери боюнча кеңешчиси Герман Клименко НТВ телеканалына берген интервьюсунда билдирди.

Ал учурда Орусия президентинин жарлыгы менен аткаминерлер үчүн атайын түзүлгөн интернеттин орус сегменти иштеп жатканын эске салды.

​Клименко дүйнө интернетти тескөө жолунда баратканын, Орусия да анын катарында экенин белгиледи. Бирок ал Москва “Түндүк Корея же Куба сыяктуу экстремалдуу варианттарды” колдонбой турганын айтты.

Президент Владимир Путин Рунет инфраструктурасын мамлекет тарабынан көзөмөлдө үчүн “Байланыш жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүүнү тапшырган. Былтыр октярбрда Каржы министрлиги мыйзам долбооруна терс мүнөздөмө берген.

Путиндин атайын тапшырмасы менен иштелип чыккан “Сандык экономика” программасынын долбооруна ылайык, 2024-жылы 95 пайыз тариф орусиялык желе аркылуу өтүүгө тийиш. Мындан тышкары чет өлкөлүк программалык камсыздоолорду 10 пайызга чейин кыскартуу каралган. Быйыл Рунеттин коопсуздугун камсыздай турган система ишке кириши керек.