«Раим миллиондун» тоюна депутаттар эмнеге барганын айтып беришти (видео)

805

Бир айдан бери уран кенине байланыштуу маселени кароого батынбаган депутаттар Ошто чоң тойдун сыйлуу коноктору болууга жетишти. Бир тууган Матраимовдор уюштурган спорттук мелдешке төрага баш болгон 20дай эл өкүлү барган. Биринчи вице-премьер-министр дагы тойдун төрүндө отурду.

Алардын мурдагы бажычы Раим Матраимов өткөргөн иш-чарага катышканы интернетте эң көп талкууга алынган темага айланды. Көпчүлүк депутаттар менен аткаминерлерди катуу сындап, Раим Матраимовдун байлыгын текшерип жаткан Финансы полициясынын ишинен күмөн санай баштады.