Райондор аралык сотунда “Коопсуз шаар” долбоору боюнча арыз каралат

1005

Бишкектин райондор аралык сотунда “Коопсуз шаар” долбоору боюнча арыз карала баштайт. Мамлекеттик сатып алуу департаментинде түзүлгөн комиссия тендерде утуп чыккан “Вега” компаниясынын тажрыйбасы жок болгондуктан, талапка жооп бербейт деген чечим чыгарган. Буга макул болбогон Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети сотко кайрылган.

Эскерте кетсек, быйыл сентябрда өткөн бешинчи жолку тендерде россиялык компания жеңүүчү деп табылган. Бул ишкана «Коопсуз шаар» долбоорун 1 миллиард 195 миллион сомго жүзөгө ашырууга даяр экенин билдирген. Бирок көп өтпөй “Вега” концернинин шаарларга видеокамераларды орнотуп, жол эрежесин бузгандарды каттоого алуу боюнча тажрыйбасы жок экени айтылган.

Өкмөт «Коопсуз шаар» долбоорун 7 жылдан бери ишке ашыра албай келет. Тендер өткөндөн кийин эле, мыйзамсыз болгону аныкталып, жаңжалдар менен коштолууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.