Райондук акимдердин кызматын кыскартуу керекпи? (видео)

520

Өкмөт административдик-аймактык реформа боюнча бир чечимге келе албай жатат. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, айыл өкмөттөр ирилештирилет. Ал эми областтар менен райондорго байланыштуу маселе ачык бойдон калууда. Жогорку Кеңештин депутаттары болсо, реформаны тездетүүнү талап кыла башташты.

Эл өкүлдөрүнүн айтымында, мамлекеттик башкарууну жакшыртып, аткаминерлердин армиясын кыскартуу үчүн кескин чараларга баруу керек. Айрым депутаттардын пикиринде, саясий максаттардан улам административдик-аймактык реформа ишке ашпай ара жолдо калууда. Борбордон келген аткаминерлерди тосуп, сыйлоо менен гана алектенет деп сынга алынган акимдерди, өкмөттүн областтардагы өкүлдөрүн жоюуга саясий эрк жетеби?