Райондук соттун мурдагы төрайымы Элвира Жаркеевага иш козголду

632

Башкы прокурор Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Элвира Жаркеевага карата кылмыш ишин козгоду. Ал алдамчылык беренеси боюнча айыпталган адамды мыйзамсыз актаган деп күнөөлөнүп жатат.

Мурдагы судьяга карата «кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган», «атайылап туура эмес өкүм чыгарган» деген беренелер боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалыматтарга караганда, ал 2016-жылы август айында Кытай жаранынын ишин карап, анын экинчи тараптан акча өндүрүү боюнча өтүнүчүн канааттандырат. Бирок ишти арткы дата менен караган.

Андан тышкары, Кытайдын ошол жараны өзү алдамчылыкка айыпталып, издөөдө жүргөн. Судья бул жагдайларды иликтебей, эске албай тескерисинче аны кылмыш жоопкерчилигинен куткаруу үчүн анын пайдасына чечим чыгарат.