Раиса Атамбаевага кылмыш иши козголду

835

Бул тууралуу ал УКМКда мурдагы президенттин баш коргоо чарасы каралып жатканда журналисттерге өзү билдирди. Раиса Атамбаева бул Манас Арабаевдин ишине байланыштуу экенин айтууда.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда, «сот системасынын куратору» деп аталып келген президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев 2-июнда коррупцияга айыпталып кармалган.

УКМК тараткан маалыматка ылайык, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, чет өлкөлүк инвесторлордун объектилерин рейдердик жол менен тартып алган кылмыштуу топтордун кызыкчылыгына иштегени айтылган. Кийин Манас Арабаев Раиса Атамбаевага курулуш компаниянын ишин сотто кароого көмөктөшүүнү суранганын айтып, ага каршы көрсөтмө берген.

Ошондой эле, ал Атамбаевдин жубайы Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы, «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «алдамчылык», коррупция» жана «атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу» беренелери боюнча айыпталып жаткан Эльвира Жаркееваны колдоону да өтүнгөнүн билдирген. Бирок Раиса Атамбаева бул айыптоолорду четке кагууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.