Райым Матраимов 2 ай мурда убадалаган 2 млрд сомду төлөп бүттү (видео)

1530

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов 2 ай мурда убадалаган 2 миллиард сомду төлөп бүттү. Анын 1 миллиард 400 миллион сому өлкө бюджетине накталай которулса, калганы кыймылсыз мүлк менен алынган. Экс-аткаминер Бишкектеги 1 соода борборун жана 9 батирин 600 миллионго баалап мамлекетке өткөрүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттер үчүн жыйын өткөрүп, бир топ чуулгандуу иштер тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, соттор кеңеши макулдугун берсе, Жогорку соттун төрайымы баш болуп дагы 3-4 судья жоопкерчиликке тартылат. Мындан тышкары, Ташиев ар бир соттун, министрдин, депутаттын байлыгынын булагы текшерилип жатканын билдирди. Эмнеге Ташиев чекисттердин байышына чектөө киргизди? 10-январдан кийин өлкөдөгү абалды курчутууну көздөгөн күчтөр ким?