Райым Матраимов чыгымдын үчтөн бир бөлүгүн гана төлөдү (видео)

1939

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов мамлекетке келтирген материалдык зыянды толугу менен качан төлөп бүтөт? Ноябрдын аягына чейин 2 миллиард сомду кайтарып берем деп убадалаган экс-аткаминер сөзүнө турган жок.

1-декабрга карата бул сумманын 32 пайызы гана экономикалык мунапыс боюнча ачылган бирдиктүү депозитке түшкөн. Дагы 1 миллиард 350 миллион сом кайтарылышы керек. Бирок Райым Матраимов бул тууралуу үн катпай келет. Ал арада Жогорку Кеңеште экономикалык мунапыс тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда талкууланып бүттү.