Райым Матраимовго АКШга кирүүгө тыюу салынды (видео)

1478

Вашингтон Райым Матраимовго АКШга кирүүгө тыюу салды, эгерде анын Америкада активдери болсо, тоңдурулат. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарын АКШ бийлиги кара тизмеге киргизди. Өлкө тарыхында биринчи жолу Кыргызстандын жараны, Американын санкциясына кабылууда.

Бул боюнча маселе парламентте көтөрүлүп, бир эл өкүлү мурдагы аткаминер Магнитский тизмесине кошулуп, өлкөнүн аброюна көлөкө түшүрдү деп уялса, экинчиси Матраимовдун 700 миллион доллар чыгарып кеткени далилденген эмес, деп ачууланды.