«Райым-миллион» Алмазбек Атамбаевди эмне деп коркутту? (видео)

717

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов экс-президент Алмазбек Атамбаев тууралуу кандай маалыматты жашырып жатат? Буга чейин журналисттерге жүзүн көрсөтпөй, телеканалдарга интервью бербеген мурдагы бажы кызматкери видео кайрылуу жасады.

Бирок анын сөзү Алмазбек Атамбаевге гана багытталган. Билдирүүдө Райым Матраимов экс-президент учурунда аны карьералык тепкичтен көтөргөнүн, бир команда болгонун айтып келип, эми экс-президентке каршы маалыматтары бар экени эскертти.