Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

1076

Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгону кабарланды.

Белгилүү болгондой, Матраимов «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде кызматынан алынды. Тактап айтканда, анын ишмердүүлүгү саясий жетекчилик кабыл алган чечимдерге жана жүргүзүп жаткан саясатка туура келбейт, деп табылган.

Ал эми Толкунбек Абдыгулов биринчи вице-премьер-министрлик кызматынан бошотулуп, вице-премьер-министр болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Ал буга чейин биринчи вице-премьерлик кызматта 2,5 ай гана иштеген.