РАЖ аймактарды өнүктүрүү темасын талкуулады (видео)

1056

Күчтүү аймактар, өнүккөн өлкө. Бүгүн парламенттеги «Республика-Ата Журт» фракциясы өкмөттүн аймактарды өнүктүрүү программасын талкуулады. Анда депутаттар аткаминерлерден алыскы аймактарга инвестиция тартуу жана 2018-жылы бул багытта аткарыла турган иштери жөнүндө сурашты.  Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 15-январында президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыялаган. Ошондой эле, өкмөткө бул боюнча 15-февралга чейин жумушчу тобун түзүп, эки ай аралыгында план жана программаны иштеп чыгуу тапшырылган.