Рак илдети менен күрөшкөн кыз-келиндер бет кап тигишет (видео)

770

Рак илдети менен күрөшкөн кыз-келиндерден турган «Жашоо үчүн бирге» коомдук фонду бет кап тигүүгө буйрутма алышты. Алар алты кат марлиден жасалып, улам жууп-тазалап, тагына берсе болот экен. Бул иштен түшкөн каражаттар бейтаптардын химиотерапия жана дары-дармегине керектелет.

Белгилей кетсек, аталган фонд буга чейин экобаштыктарды тигип, сатып келишкен. Бирок жакындан тарта алар бет кап тигүүгө өтүшкөн. Даяр товарларды калаадагы дарыкана, кофейнялардан тапса болот, дешет фонддун өкүлдөрү. Ошондой эле ак халатчандар да даярдалган беткаптар стандартка туура келерин билдиришүүдө.