Рак менен ооругандар үчүн жаңы аппарат иштей баштайт (видео)

1450

Сатып алынып, бирок 3 жылдан бери иштебей турган медициналык линиялык тездеткичтерди монтаждоо башталды. Аппаратты Россия жана Түркиядан келген адистер курашууда жана ал иштер ушул айдын аягына чейин бүткөрүлөрү белгиленүүдө.

Андан кийин жергиликтүү медкызматкерлер атайын окуудан өткөрүлөт. Тиешелүү медициналык жабдыктын ишке кирүүсү менен рак илдетине чалдыккандар июнь айынан тарта сыртка чыкпастан эле Кыргызстандан нур терапиясын ала алышат.