«Арыктайм» – эң кызыктуу реалити-шоу (видео)

1643

НТС телеканалынын «Арыктайм» теледолбоорунун экинчи чыгарылышы эфирге чыгат. Долбоор кыз-келиндерди ашыкча салмактан арылтып, алардын жашоосун жаңы нукка бурууга багытталган. Программанын жүрүшүндө анын катышуучулары катаал сыноолордон өтүшүүдө. Алардын тамактануусуна катуу чектөөлөр киргизилип, тынымсыз спорт менен машыгуу зарыл.

Белгилей кетчү нерсе, мындай долбоор Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашырылып жатат. Сынактын эрежесине ылайык, ар апта сайын тапшырманы так аткара албаган айымдар жарыштан четтетилип, соңунда эрки күчтүүлөр гана иргелип, финалга чыгышат. Мындай аракеттери үчүн айымдар өзү каалаган келбетке гана ээ болбостон, баалуу белектерди алышат.