Референдум өттү деп таанылыш үчүн кандай шарттар аткарылыш керек? (видео)

1824

10-январда боло турган референдум өттү деп таанылыш үчүн жалпы шайлоочулардын 30 пайызы катышышы керек. Бул тууралуу Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Азырынча референдумга макул же каршылыгын билдирген демилгелүү топтордун бирөөсү да БШКга келип, каттоого тура элек экен.

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы алардын фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктап коюптур. Белгилүү болгондой, өлкөдө президенттик шайлоо жана референдум боюнча үгүт иштери расмий түрдө башталды.