Рейд учурунда 2 жаштагы бала үйдө жалгыз калганы аныкталды (видео)

771

Москва шаарында Кыргызстандан барган жубайлардын эки наристеси өрт кырсыгынан жабыркады. Маалыматтарга караганда, үч жаштагы жана 7 айлык эже-сиңдилердин колдору менен беттери күйүп калган. Кырсык болгон учурда ата-энеси үйдө жок экен. Өрт болуп жаткан учурда ал жерге жакын иштеп жаткан жумушчулар балдарды куткарып калышкан. Учурда окуянын чоо-жайы териштирилип жатат.

Ал эми апта башында Казакстанда беш бир тууган өрттөн курман болду. Алардын дагы ата-энеси жумушта жүргөндө үйдө жалын тутанып, уктап жаткан кыздар каза тапкан. Бул кайгылуу окуялардан кийин Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүштү.