Рейдерлерге укук коргоо органдары көмөктөшүүдө (видео)

745

Президент ишкерлерге кысым көрсөтүүнү токтотуу талабын койгондон бери, текшерүүлөрдөн жабыркап келген бизнесмендер ачыкка чыга баштады. Алар өлкө жетекчисине кайрылып, укук коргоо органдарынын мыйзамсыз аракеттеринен коргоону суранышууда. Ал эми ишкерлердин таламын талаша турган экономика министрлигиндегилер бул жаатта иштер жасалып жатканын айтышат. Өлкөдө бизнесмендерди текшерген органдардын саны кыскарып, бирөө гана калат экен. Бул боюнча мыйзам долбоору даярдалган. Ага ылайык, ишкерлерди текшерген мекеменин ар бир аракети интернеттеги сайтка ачык жарыяланып турушу керек. Мындай кескин чаралар көрүлбөсө, рейдерлик басып алууларга укук коргоо органдары көмөктөшүп жаткан учурлар көбөйүүдө, дешет адистер.