Рейтер: Талиптердин делегациясы кеңешүү үчүн Исламабадга барды

666

Талиптердин делегациясы Ооганстандагы согушту токтотуу тууралуу тынчтык сүйлөшүүлөрдү калыбына келтирүү боюнча консультацияларды өткөрүү үчүн Исламабадга барды. Бул тууралуу Рейтер агенттигине талиптердин жогорку даражадагы эки өкүлү билдирген.

Азырынча расмий эмес жолугушууларда кандайдыр бир жылыштардын болгон-болбогондугу белгисиз. 2015-жылкы буга чейинки аракеттер башталары менен дароо токтоп, түз сүйлөшүүлөрдү калыбына келтире алган эмес.

Рейтер кабарлагандай, Исламабаддагы жолугушуу Түркияда өткөн талиптер менен Хизб-и-Исламинин өкүлдөрүнүн ортосундагы жолугушуулардан кийин болууда. Хизб-и-Ислами тобу мурда талиптердин курамында болуп, бирок 2017-жылы курал-жарактарын таштап, Ооганстан өкмөтү тарапка өткөн.

Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин басма сөз катчысы Исламабаддагы сүйлөшүүлөр тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. Талиптердин өкүлдөрү да бул боюнча суроого так жооп беришкен жок. Дүйшөмбүдө эки тарап тең Түркиядагы сүйлөшүүлөргө катышкандыгы тууралуу маалыматты четке кагышкан. Бирок атын атабаган талиптердин жогорку кызмат адамдарынын бири дүйшөмбүдө жогорку лидер Хайбатулла Ахундзада Исламабаддагы жолугушуун