Рекорд: 1,5 тонна беш бармак, 117 метрлик чучук КРда жасалды (видео)

1469

Дүйнө жүзү боюнча биринчи жолу Кыргызстанда 1,5 тоннага жакын беш бармак менен 117 метрлик чучук даярдалды. Мындай аракет менен Гиннестин рекорддор китебине кирүү максаты коюлган. Кыргыздын улуттук тамагын жасаш үчун 9 жылкы союлуп, андан 1500 килограмм эт алынды. Ал эми таза чучук даярдоого 127 метр ичеги менен 300 килограмм казы колдонулду. Беш бармактын кесмеси эле 7 кап ундан даярдалды. Дүйнөлүк рекорд коюу үчүн улуттук тамак демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жасалды. Даярдалган 1464 килограмм беш бармак менен чучук келген элге таратылып, жети жылкынын учасы жети дубандын аксакалдарына тартылды.