«Республика Ата-Журт» фракциясын Руслан Казакбаев жетектейт

805

Жогорку Кеңештеги «Республика Ата-Журт» фракциясын мындан ары Руслан Казакбаев жетектейт. Мындай чечим бүгүн фракциянын кезексиз отурумунда кабыл алынды.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында, Руслан Казакбаев 15, ал эми Талант Мамытов 12 депутаттын колдоосун тапкан.

Дүйшөмбү күнү Өмүрбек Бабанов «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери кызматынан өз каалоосу менен кеткендигин билдирген.