«Республика-Ата Журт» фракциясынын отурумда жөлөк пул маселеси каралды

779

Парламент мамлекет тарабынан сүйүнчү берүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү токтотууну талап кылды. Бүгүн «Республика-Ата Журт» фракциясынын отурумунда жөлөк пул боюнча маселе каралды. Депутат Руслан Казакбаевдин айтымында, жаңы төрөлгөн наристе үчүн 4 миң сомдук сүйүнчү алуу өзүнчө эле чоң көйгөйгө айланып калды.

Ата-энелер арасында сурамжылоо жүргүзүлгөндө айрым кызматкерлер ишти тезирээк бүтүрүп берүү үчүн 500 сомго чейин акча талап кылып жатканын айтышкан. Бишкектеги бир эле Октябрь районунда сүйүнчү үчүн 35 адам кайрылып, бирок төртөө гана алышкан, дейт эл өкүлү.

Документ чогултуу машакатынан улам, айрымдары бир берилүүчү жөлөк пулду алуудан баш тартып жатканы да айтылды.