«Республика – Ата Журт» көпчүлүк коалицияга кошулду (видео)

804

Өкмөт кетирилгени менен парламенттеги көпчүлүктүн коалициясы ыдыраган жок. Саясий бирикменин курамы кеңейтилип, ага «Республика-Ата Журт» фракциясы дагы кошулганы белгилүү болду. Ошондой эле, болочоктогу премьер-министр ким болоору учурда көпчүлүктү кызыктырып жатат. Парламентте эки-үч талапкердин ысымы аталууда. Бирок президенттин аппаратынын жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиевдин атын атап, аны колдогондордун саны көп.