«Республика» Бишкекте тынчтык митингин өткөрүү боюнча мэрияга кат жөнөттү

790

«Республика» Өмүрбек Бабановдун тарапташтарынын тынчтык митингин өткөрүү ниети боюнча мэрияга кат жөнөттү. Мурдагы депутат менен жолугушуу Бишкектин эски аянтында өтөт деп пландалууда.

Буга байланыштуу «Республика» партиясы Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун атына кат жөнөтүп, Өмүрбек Бабановдун эл менен жолугушуусу 13-апрель күнү түшкү саат 14:00дөн – 20:00гө чейин өтөрү белгиленген. Муну менен катар эле катта коомдук коопсуздукту сактап берүү өтүнүчү да айтылган.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов социалдык тармактагы өздүк баракчасы аркылуу Кыргызстанга 13-апрелде саат 14:50дө келээрин кабарлады. Буга далил катары, авиабилеттин сүрөтүн жүктөгөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.