Республика боюнча 24 прокурорго сөгүш берилди

979

Прокурорлордун өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгын кароо менен 30дан ашык кызматкер мыйзам бузууга жол бергендиги үчүн тиешелүү жоопкерчиликке тартылды. Тиешелүү буйрукка башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кол койгон.

Ага ылайык, областтар менен Бишкек жана Ош шаарларындагы 24 прокурорго сөгүш берилди. Мындан тышкары, прокуратуранын төрт кызматкери мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн эскертүү алып, дагы 7 кишиге сын айтылган. Ошондой эле Чүй областынын Жайыл районунун прокурору кызматынан төмөндөгөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.