«Республика» партиясы билдирүү таратты (видео)

612

Өмүрбек Бабановду Кыргызстанда 10 миңден ашык жаран тосуп алганы турат. Мурдагы депутат менен жолугушуу Бишкектин эски аянтында өтөт деп пландалууда. Буга байланыштуу «Республика» партиясы Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун атына кат жөнөтүп, Өмүрбек Бабановдун эл менен жолугушуусу 13-апрель күнү түшкү саат 14.00дөн – 20.00гө чейин өторү белгиленген.

Муну менен катар эле, катта коомдук коопсуздукту сактап берүү өтүнүчү да айтылган. Эске салсак, Өмүрбек Бабанов социалдык тармактагы өздүк баракчасы аркылуу Кыргызстанга 13-апрелде саат 14:50дө келээрин кабарлады. Буга далил катары, авиабилеттин сүрөтүн жүктөгөн. Бабанов менен жолугушуу иш чарасына байланыштуу «Республика» партиясы билдирүү таратты.