«Республика» партиясындагы саясий бурулуш (видео)

1142

Апта аяктап баратканда өлкөнүн саясий айдыңында бурулуш жасалды. «Республика» партиясынын лидери алмашты. Бишкекте саясий уюмдун кезексиз жыйыны чакырылды. Анда негизги маселе — жаңы төраганы тандоо болду. Жыйналыштын башында 15 жылдан бери саясаттын казанында кайнап, Жогорку Кеңештин депутаты, андан кийин премьер-министр болуп, президенттикке талапкерлигин коюп, 600 миңден ашуун добуш алган Өмүрбек Бабанов саясаттан кетип жатканын дагы бир жолу жарыялап, сөзүн ырасташ үчүн «Республика» партиясынын лидерлигин өткөрүп берди.

Ордуна партия түптөлгөндөн бери жигердүү иштеп, Жогорку Кеңештин депутаттыгына чейин жеткен Мирлан Жээнчороев сунушталып, аны делегаттар бир добуштан колдоп беришти. Кыргызстандыктар Өмүрбек Бабанов дегенде «Республика» партиясын же тескерисинче саясий уюмдун аты аталганда Бабановду билип келгенин эч ким тана албайт. Бул партия апрель окуясынан кийин түзүлүп, он жыл аралыгында олуттуу реформаларды сунуштаганы менен эл оозуна алынды.

Лидер алмашса дагы бул жолдон тайбайбыз деп убада кылышууда. Республикачылар билек түрө киришип, кийинки жылы отүүчү парламенттик шайлоого камынып жатышат. Партиянын жаңы төрагасы Мирлан Жээнчороев азыр 39 жашта. Өмүрбек Бабанов «Республика» партиясын түптөп, 2010-жылы парламенттик шайлоого аттанганда ал дагы кырктарда болчу. Бул саясий уюм бир топ салмактуу саясатчыларды тарбиялап чыгара алды. Алардын айрымдары өз алдынча партия түзүп, азыр фракция лидерлигине чейин жеткен. Ал эми саясий бирикме тарабынан демилгеленген идеялардын үзүрүн азыр карапайым калк көрүүдө.