«Республика» партиясынын лидери алмашты (видео)

3656

10 жылдан бери «Республика» партиясын жетектеп келген Өмүрбек Бабанов саясий бирикменин лидерлигин өткөрүп берди. Бишкекте “Республика” партиясынын кезексиз съезди өтүп, анда саясий уюмдун жаңы жетекчиси болуп Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев шайланды. Аны Өмүрбек Бабанов өзү сунуштап, аймактардан келген делегаттар бир добуштан колдошту.

Партия лидери Өмүрбек Бабанов саясий ишмердигин жыйынтыктап жатканын айтып, бирок өлкөнүн өнүгүшүнө салымын кошуп, инвестиция тартууга аракет кыларын кошумчалады.