Республикалык шайлоо штабынын башчысы болуп Толкунбек Абдыгулов дайындалды

140

Республикалык шайлоо штабынын башчысы болуп биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов бекитилди. Бул тууралуу жарлыкка өкмөт башчы Сапар Исаков кол койду.

Премьер-министрдин жарлыгы менен шайлоо штабынын башчысынын орун басары болуп өкмөттүк аппараттын башчысы Нурканбек Момуналиев, ал эми мүчөлүгүнө өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков дайындалды.

Кыргызстанда президенттик шайлоо өткөрүү боюнча Республикалык штабды башында вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев жетектеген. Ал «Баткен сапарында талапкер Жээнбековго үгүттөдү» деген доомат менен штаб башчылыгынан алынып, ордуна дагы бир вице-премьер-министр Темир Жумакадыров дайындалган. Темир Жумакадыров 7-октябрда автокырсыктан көз жумган.

comments powered by HyperComments