Республикалык штаб: Сасык тумоого каршы эмдөө сентябрдын аягында башталат

9245

Курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоонун эпидемиялык мезгилине карата гриппке каршы вакциналар сатылып алынууда. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, COVID-19 менен катар башка вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун жайылышын алдын алуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги тобокелдик тобун аныктап, сасык тумоого жана пневмококкко каршы вакциналарга болгон муктаждыкты эсептеп чыкты.

Сасык тумоонун көбөйүшү, эрежеге ылайык, суук мезгилде башталат жана март айына чейин созулат. Буга грипп вирусунун төмөнкү температураларга туруштуктуулугу жана гипотермия учурунда адамдын коргонуу деңгээли төмөн болушу өбөлгө түзөт.

Эпидемиялык мезгилинде сасык тумоонун этиологиялык түзүлүшүн жана жаңы түрлөрүн аныктоо, ошондой эле башка курч респиратордук вирустук инфекцияларды диагноздоо үчүн 1000 изилдөөгө реагенттерди жана тест-системаларын сатып алууга өтүнмө берилген.

Эпидемиялык мезгилге (күз-кыш) даярдык көрүү максатында тендер өткөрүлүп, тумоого каршы 135 миңден ашуун вакцина жеткирүү боюнча келишим түзүлдү жана тобокелдик топтору үчүн дагы 700 миң дозада гриппке каршы вакцина алуу үчүн кошумча өтүнмө даярдалды. Сасык тумоого каршы эмдөө жеткирилгенине жараша сентябрдын аягында башталат.

Биринчи кезекте, эмдөө тобокел тобуна арналган (медициналык кызматкерлер, өпкөнүн, жүрөктүн, боордун, бөйрөктүн өнөкөт оорулары бар жактар, көп ооруган балдар, балдар үйлөрүнүн жана интернат-мектептердин тарбиялануучулары, кош бойлуу аялдар, диабети бар жарандар, 65 жаштан улуу адамдар ж.б.).