Reuters: Түркия аскерлери Сириянын аймагына киришти

885

8-октябрда түрк армиясынын аскерий техникасы Сирия менен чек арадан өтүп, Идлиб аймагына кирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги жергиликтүү тургундарга шилтеме кылып билдирди. Буга чейин Анкара бул аймакты көзөмөлдөгөн «Тахрир аш-Шам» жихадчыл тобуна каршы аскердик иш-чаралар башталганын жарыялаган.

Түркиянын президенти Режеп Эрдоган түрк армиясы колдогон козголоңчулар Идлибде аскер амалдарын баштай турганын жарыялап, Түркия чек араларына жакын жерде “террорчулардын өткөөлүнө” жол бербестигин айтты.

Операция Түркия менен Башар Асадды колдогон Орусия жана Ирандын ортосунда Идлиб аймагында коопсуз аймактарды түзүү боюнча макулдашууга жетишилгенден кийин башталды. Макулдашууга ылайык, мындагы аскердик иш-аракеттерге Тахрир аль-Шам куралдуу тобу катышпашы керек болчу. Бирок Рейтерстин булактары, жергиликтүү тургундары менен көтөрүлүшчүлөр, ошондой эле Сириядагы адам укуктарына мониторинг жүргүзүү борбору Идлибден алыс эмес жердеги кыштакта түрк аскерлери менен Тахрир аль-Шам мүчөлөрүнүн ортосунда атышуу болгонун билдиришүүдө. Алардын маалыматына караганда, ага түрк аскер техникасын көздөй ок чыгарган Тахрир аль-Шамдын мүчөлөрү жана аларга жооп кайтарган Түркия артиллериясы катышкан.

Сириянын Идлиб жана башка түндүк-батыш чөлкөмдөрүндө калк жыш жайгашкан. Бул жерде эки миллиондон ашуун киши, анын ичинде башка райондордон баш калка издеп барган качкындар байырлап жатышат.