Резонанс жараткан иштер боюнча прокурорлор эмне дейт? (видео)

753

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун иши боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат. Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, Финансы полициясы бул ишти Бирдиктүү реестрге «мыйзамсыз байыган» деген берене менен каттаган.

Белгилей кетсек, мындай берене менен буга чейин мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев менен экс-президенттин жан сакчысы Дамир Мусакеевга карата дагы кылмыш иштери козголуп, азыр экөө тең түрмөдө.

Ал эми Райым Матраимовдун мүлкүн текшерүү жарым жылдан бери аягына чыкпай келет. Башкы прокуратуранын кызматкерлери коррупцияга каршы күрөш кампаниясынын жүрүшү тууралуу маалымат беришти.