Резонанстуу иштерди иликтөө кандай жүрүүдө? (видео)

1356

Аткаруу бийлиги эл өкүлдөрүн ишкерликке кедергисин тийгизе турган билдирүүлөрдөн оолак болууга чакырды. Дагы бир көңүл бурдурган учур. Премьер-министр кытай ишкерине болгон кол салуудан кийин өкмөттө кеңешме өткөрүп жатып, бизнесмендерди өз ара маселе жаралса криминалдын жардамы менен эмес, милиция аркылуу чечүүгө чакырды. Муну көпчүлүк, демек ишкерлер колдоону тартип сакчыларынан эмес, уюшкан кылмыштуу топтордон алат экен деп түшүнүштү. Мындай сөздөр буга чейин деле расмий эмес маалымат булактарында жазылып келген. Ишкерлер милицияга кайрылганча, криминалдан жардам сураса маселеси тезирээк чечилет деп.

Ал эми уюшкан кылмыштуу топтор салган салыкты өз убагында төлөбөгөн бизнесмендердин жашоосу кыйындап, иши жүрбөй калат экен. Буга былтыр январда Ысык-Көл областында катталган окуя далил боло алат. Криминал чөйрөсүндөгүлөр талап кылган сумманы бербей койгон ишкердин кафеси бир заматта күлгө айланган. «Каралардын» кысымына чыдабаган бизнесмен коомчулукка ачык чыгып, уюшкан кылмыштуу топтордун кылыктарын төкпөй чачпай айтып берген эле. Шектүүлөр кармалып камакка алынганы менен, ишкер бул жакта ишин уланта алган жок. Жер которууга аргасыз болду. Мындай окуялар коомчулукка билингени гана, билинбегени канча? Милиция кызматкерлери болсо, ишкерлер арыз менен кайрылбаса кантип жардам беребиз деп алакан жайышат.

Айрым депутаттардын, саясатчылардын же жогорку кызматтагылардын криминалдык төбөлдөрдүн тоюна барып кучакташып сүрөткө түшүп, төрүндө отурганы эле чыныгы абалды сүрөттөп жатпайбы? Мындай мамиледен кийин уюшкан кылмыштуу топтордун мизи жакында майтарылбачудай. Бул жаатта кандай иштер жасалып жатат, Кыргызстанда криминал баш көтөрдүбү, эмнеге ага жол берилүүдө? Ушул жана акыркы окуялар боюнча суроолорго Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын жетекчилери жооп берди.