РФ чек арасынан кыргыз товарларын өткөрбөй жатышат (видео)

1477

Өкмөт мүчөлөрү фитосанитардык лаборатория курууга каражат таба элек. Бул тууралуу парламенттеги «Республика — Ата Журт» фракциясынын отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов айтты. Эске салсак, Нарын, Баткен, Жалал-Абад областтарына лаборатория курууга Казакстан 100 миллион доллар каражат бермек. Бирок айрым себептерден улам биздин өкмөт ал жардамдан баш тарткан. Эми министрлер кабинетинин алдында каражат табуу милдети турат. Өкмөт мүчөлөрү айыл-чарбасынын учурдагы абалы тууралуу маалымат беришти. Анда азык-түлүк коопсуздугу, кадр маселеси, экспорт жана импорт боюнча суроолор талкууланды.