РФ Коргоо министрлиги тик учактан ракета кое берген экипаждын жаңылыш аракетин түшүндүрдү

755

Орусия Коргоо министрлиги тактикалык машыгуулар учурунда согуш тик учактарынын биринен ракета жаңылыш кое берилгенин билдирди. Ракета тийген жүк ташуучу унаада кишилер болгон эмес. Министрликтен окуянын “Батыш-2017” машыгууларынан тиешеси жок экенин баса белгилешти.

Тик учакка байланыштуу видеоролик 18-сентябрда жарыяланган.