РФ жарандыгын алгандар үчүн «Мекен Карт» деген документ чыгарылабы? (видео)

1417

Чет өлкөдө жашап, иштеп жаткан мекендештерибизге Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнү жатат. Келерки жылдан тартып, башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктарга «Мекен карт» деп аталган атайын карточкалар бериле баштайт. Бул документ аларга Кыргызстандан жер тилкесин же турак-жай сатып алып, өзүнө каттатууга укук берет экен. Андан тышкары, жарандыгы бөлөк мекендештерибизге бул жактан бизнес ачып, кошумча жумуш орундарын ачууга шарт түзүлөт. «Мекен-картты» кимдер, кандай жол менен алса болот?