РФдагы эмгек мигранттарынын акча которуусуна чектөө киргизилди (видео)

986

Улуттук банк Россияда эмгек мигранттарынын акча которуусуна чектөө киргизилгенин расмий түрдө ырастады. Жаңы тартип ал жакта иштеп жаткандарга катуу деле таасир бербейт дешет. Бирок мындай чектөө жеке ишкерлерди кооптондурууда. Анткени Россиядан Кыргызстанга 100 миң рублдан ашык акча которууга уруксат берилбейт.

Бул чектөөлөр биринчи кезекте Кыргызстандын жеңил өнөр жайына сокку урат, дешет ишкерлер. Кыргызстанда тигилген кийимдердин 90 пайызы Россияга жөнөтүлүп, акчасы артка салынып турат. Эми ал жактагы соодагерлерге убагында тапшырыктар аткарылбай калышы мүмкүн экен.